Анкара шаарында Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган делегация Түркиянын Дин иштери боюнча төрагасы Али Эрбаш менен жолугушуу болуп өттү.
Муфтияттан билдиришкендей, жолугушууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов жана муфтий Абдулазиз кары Закиров Түркиянын Дин иштери боюнча төрагасы менен диний башкармалыктардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Анда диний кызматташтык, диний билим берүүнү жана диний изилдөөлөр камтылган.