Кыргызстан менен Вьетнам укуктук кызматташтыкты чыңдоодо

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Вьетнам Социалисттик Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин делегациясы менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эл аралык укуктук кызматташтыкты өнүктүрүү, ведомстволор аралык байланыштарды чыңдоо жана кесиптик тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле адамдарды эл аралык издөө жана экстрадициялоо багытындагы практикалык кызматташтыктын оң динамикасы белгиленди. Кыргыз тарап Вьетнамдын компетенттүү органдары менен түзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогору баалап, кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.Возможно, это изображение Овальный кабинет

Мындан тышкары, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кылмыш иштери боюнча адамдарды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эки тараптуу келишимдерди түзүү демилгесин көтөрдү.

Бул багытта тиешелүү келишимдердин долбоорлорун дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүүгө даяр экендиги белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо, практикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантуу боюнча өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X