Кыргызстан Россия менен ири долбоорлорду талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Россия Федерациясына болгон жумуш сапарынын алкагында, Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү, инвестиция, кайра иштетүү жана айыл чарба тармактарындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын мамилелери ырааттуу өнүгүп жатканын, бул негизинен президенттер Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий ишенимдеринин, ошондой эле буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экенин билдиришти.

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү жана эң ири инвесторлорунун бири экенине токтолуп, эми мындан ары өнөр жай тармагында тереңирээк кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маселен, Кыргызстан менен Россиянын өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2025-жылдын аягына карата 4 млрд долларга жакындаган. Ал эми, айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялардын соода жүгүртүүсү 652,3 млн долларын түзгөн. Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун, Кыргыз-орус экономикалык форумдарынын ролу чоң.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, кыргыз тарап үчүн өзгөчө практикалык мааниге ээ болгон балык чарба тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү белгиледи.

“Балык чарба тармагындагы Россиянын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалайбыз, ошол себептүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Туруктуу, жергиликтүү тоют базасын түзүү биз үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Россиянын өзгөчө экономикалык аймагынын чегинде суу биологиялык ресурстарын чогултуу үчүн Кыргызстанга жыл сайын квоталарды камсыз кылууда колдоону күтөбүз”, — деди Эрлист Акунбеков.

Бул багытта эки биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун негизи катары каралды:

— жылына 78 миң тоннага чейин балык кармоо максатында, суудагы биологиялык ресурстарды кармоо жана кайра иштетүү боюнча кыргыз-орус ишканасын түзүү;

— 2035-жылга карата балык өндүрүшүн 60 миң тоннага чейин көбөйтүү жана 1500гө чейин жумуш ордун түзүү максатында, Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү.

Өз кезегинде Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушев мазмундуу жана конструктивдүү маек болуп жатканын айтып, айыл чарба тармагын тескеген жетекчи катары балык чарба тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жагынан, олуттуу практикалык кызыгууну жаратаарын жана кызматташууга даяр экенин билдирди. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө жана балык азыктары менен өз ара соода кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берерин кошумчалады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын мал чарба тармагынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана анын асыл тукум базасын бекемдөөгө жардам бере турган, жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ Россиядан бодо малды импорттоо сүйлөшүлүп, Кыргызстанга 20 миң башка чейинки бодо малды жеткирүүнүн мүмкүнчүлүгү каралды. Бул багытта, эки өлкөнүн потенциалын колдонуу аркылуу, илимий уюмдарды жана кызыкдар ишканаларды тартуу менен кызматташууну кеңейтүү талкууланды.

Ошондой эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда Балык чарбасы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунунун ишке ашырылышы сүйлөшүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгү белгиленди.

Белгилей кетсек, МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков менен Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Патрушевдин жолугушуусу Россиянын Айыл чарба министрлигинин, Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын, Балык чарбасы боюнча федералдык агенттигинин жетекчилери сыяктуу бир катар расмий кызмат адамдарынын катышуусунда болду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X