Кыргызстан Сауд Арабиясына ири долбоорлорго инвестиция салууну сунуштады
Бүгүн, 23-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев өлкөбүзгө расмий сапар менен келген Сауд Араб Падышалыгынын Консультативдик кеңешинин (Аш-Шура Мажлисинин) Төрагасы шейх доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Төрага Марлен Маматалиев кесиптешин кыргыз жеринде тосуп алып жатканына кубанычта экенин билдирип, бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенерин кошумчалады.
“Кыргызстан менен Сауд Арабиясын орток руханий баалуулуктар, тарыхый жана маданий байланыштар бириктирип турат. Биз Сауд Арабиясын ислам дүйнөсүндөгү негизги өнөктөштөрүбүздүн бири катары баалайбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө келерки жылы 35 жыл толот. Бул маанилүү датага карата алакаларыбызды дагы да кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, – деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле ал парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, депутаттык достук топторунун ишмердүүлүгүн күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.
Андан сырткары, эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум түзүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү комитеттердин жана аппараттардын деңгээлинде тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө чакырды. Айрыкча мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана парламенттин ишин санариптештирүү жаатында кызматташуу маанилүү экенин жүйө келтирди.

Жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду.
Марлен Маматалиев эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп жатканы менен ортодогу мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланыла электигин белгиледи. Бул багытта Кыргызстандын экологиялык жактан таза жана адал продукциясын, анын ичинде айыл чарба азыктарын жана балды Сауд Арабиясынын рыногуна экспорттоо маселесин көтөрдү.
Ошондой эле энергетика, тоо-кен өнөр жайы, туризм жана инфраструктура тармактарына саудиялык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, Камбар-Ата-1 ГЭСи, «Ала-Тоо Резорт», «Асман-Сити» жана «Тамчы» атайын инвестициялык аймагы сыяктуу ири долбоорлорду атады.
Муну менен катар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү жана түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселелери талкууланды.

Андан сырткары Төрага Сауд Арабиясынын жетекчилигине жана Сауд өнүктүрүү фондуна Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду колдоп келе жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, аталган фонддун көмөгү менен өлкөбүздө жолдорду, мектептерди жана башка социалдык объектилерди курууга багытталган маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын мисал кылды.
Анын ичинен маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылган Төрага кыргызстандык зыяратчылар үчүн ажылык сапарды уюштурууга түзүлгөн шарттарга, ошондой эле Падыша Салман атындагы Гуманитардык жардам жана куткаруу борборунун колдоосуна жогору баасын берди.
Мындан тышкары, кыргызстандык студенттердин Сауд Арабиясынын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туризмди жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалады.
Өз кезегинде Сауд Араб Падышалыгынын Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы шейх доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх жылуу кабыл алып, көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылыгын айтып, алакаларды арттыруу жаатындагы ойлору менен бөлүштү.
Тагыраагы Кыргызстан Сауд Арабиянын бул чөлкөмдөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин билдирип, байланыштарды бекемдөө жаатындагы артыкчылыктуу тармактарга токтолду.
Жолугушууга депутаттар Суйунбек Омурзаков, Талайбек Масабиров, Болот Сагынаев, Алишер Козуев, Бактыбек Чойбеков жана Улукбек Узакбаев да катышты.