Кыргызстан STMP Group менен энергетикалык кызматташтыкты талкуулады

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов STMP Group эл аралык инженердик-инвестициялык компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар энергетика жана өнөр жай тармактарындагы инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Анын алкагында инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, энергетикалык объекттерди модернизациялоо жана заманбап технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары STMP Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту 5

STMP Group компаниясынын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана EPC, EPC+F форматтарында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти. Бул форматтар долбоорлоо, курулуш, жабдууларды жеткирүү жана каржылоону тартуу кызматтарын камтыйт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана келечектүү багыттар боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 56
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X