Кыргызстан “Университет 4.0” моделине өтөт. Ал кандай модель?

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылга чейин  башкача айтканда 2 жыл аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү «Университет 4.0» моделине трансформациялоону пландап жатат. Министрлик  «Университет 4.0» моделине өтүү үчүн атайын жол картасын  иштеп чыкканын да маалымдады. Эскерте кетсек, азыр Кыргыз Республиканын ЖОЖдору “Университет 3.0”  моделинде иш алып барат. Андыктан биз жаңы модель тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуровго бир нече суроо менен кайрылдык. 

 — Нурлан  Кубатович,  “Университет 4.0” модели деген эмне?

—  Жөнөкөйлөштүрүп айтканда   “Университет 4.0” модели окуу жайдын жана студенттердин мүмкүнчүлүктөрүн, шарттарын  кеңейтүү дегендикти түшүндүрөт. 4.0 моделине өткөн университет жаңылануунун очогуна айланат.  Окуу жай бардык жагынан жаңыланат.

— Моделдин негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

— Университеттерге академиялык, финансылык боштондук берилет.  Мисалы, ар бир университет өз алдынча илимий лабораторияларды, техно-парк , бизнес-стартап ача алат. Чет өлкөлөрдүн окуу жайларындай  илимий ачылыштарды жасап, атайын заказдарды кабыл алып иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.  Педагогикалык-профессордук курамдын сапаты жогорулайт.  Мурда кадрларды даярдоо мамлекеттик стандарт менен жүргүзүлчү. Азыр окуу жайларга өздөрүнө эркиндик берилет. Кадрды кандай жол менен даярдап чыгууну окуу жай өз алдынча  чечет.  Каржылык маселелеринде да эркин болушат.  Билим алуучулар өз алдынча коомчулук менен байланыш түзүп, долбоорлор менен иштей алышат. Ар түрдүү изилдөөлөр жана чыгармачыл долбоорлор, инновацияларды жаратуу үчүн  студенттерге  ЖОЖ тарабынан шарт түзүлөт.  Эң негизгиси  дүйнөлүк рыноктун талаптарына жооп берген билим бериле баштайт. Студент алган  билимин чет өлкөдө колдоно ала тургандай деңгээлде  болот. Ошондой эле бул программа республикалык жана эл аралык рейтингдерде университеттерди алдыга жылдырууну, университеттин позитивдүү имиджин калыптандырууну көздөйт. Министрлик  өлкөнүн жогорку кесиптик билим берүү системасына 4.0 моделин киргизүү үчүн  9 багытты аныктады. 27 максат коюлуп, 80 иш-чараны белгилеген. Бул план 2 жыл аралыгында аткарылып бүтүшү зарыл. 

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X