"Эркин-Тоо"

Кыргызстанда маданий борборлор курулат

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы маданий борборлор курулат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов  билдирди.  “Жакында эле болуп өткөн Элдик курултайда бул маселе көтөрүлдү. Элдин басымдуу бөлүгү маданий мекемелерди курууну суранышты. Долбоорлор иштелип чыгып, облустардын, райондордун, айылдардын башчыларына сунушталды. Биз жакында реформа боюнча мамлекет башчыбызга бул долбоорду презентация жасайбыз. Эгерде реформа кабыл алынса, анда аталган маданий борборлор курулат”, — деген министр.

Пример HTML-страницы