Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу тартиби өзгөрүшү мүмкүн

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоор кабыл алынса, төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилиши мүмкүн:

  • Убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилет. Айдоочулук укукту баскычтуу берүү системасы сунушталууда. Убактылуу күбөлүк Кыргызстандын аймагында гана жарактуу болот.
  • Автомектептер лицензиянын ордуна реестрге киргизилет. Алардын кадрларына, окуу программаларына жана материалдык-техникалык базасына талаптар коюлат.
  • Айдоочулук экзамендер видеого жазылат. Унаага видеокаттагыч орнотулуп, экзамен алган кызматкер боди-камера тагынышы мүмкүн.
  • Окуучулардын автомектепке катышуусу санариптик көзөмөлдөнөт. Сабакка катышуу, окуу программасын өздөштүрүү жана экзаменге даярдык автоматташтырылган система аркылуу катталат.
  • Өзгөртүлгөн унаалар каттоодо кошумча текшерүүдөн өтөт. Алардын коопсуздугун аккредитацияланган сыноо лабораториялары аныктайт.
  • Электромобилдердин жашыл номерлерин берүү тартиби такталат. Мындай номерлер Кыргызстанда катталган жарандарга жана юридикалык жактарга таандык электромобилдерге берилет.

Мыйзам долбоору азырынча сунуш катары коомдук талкууда турат. Убактылуу күбөлүктүн мөөнөтү жана айдоочуларга коюлуучу чектөөлөр сыяктуу бир катар талаптар кийин аныкталат.

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X