Кыргызстанда Беларусь тракторлору чыгарылышы мүмкүн
Кыргызстанда Беларусь тракторлорун жыйноо жана өндүрүүчү завод куруу маселеси каралууда. Бул демилге 9-ноябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбековдун Беларусь Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында Минск трактор заводунда талкууланды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Эрлист Акунбеков Кыргызстан үчүн айыл чарба техникасын жаңылоо жана дыйкандарды жеткиликтүү техникалар менен камсыздоо маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү өндүрүштү жолго коюу техниканын өздүк наркын жана жеткирүү чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
Акыркы беш жылда Кыргызстанда лизинг аркылуу дыйкандарга жалпы суммасы 36,8 млрд сомду түзгөн 13 миңден ашык айыл чарба техникасы берилген.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө «Белнефтехим» концерни менен продукция жеткирүү, ал эми «Ждановичи» агрокомбинаты менен жашылча жана сүт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү багытында кызматташуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле 10-ноябрда өткөн Кыргызстан менен Беларустун аймактар аралык биринчи форумунун жыйынтыгында алты документке кол коюлду. Алар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнү, 2027–2029-жылдарга карата жол карталарын ишке ашырууну жана аймактар ортосунда боордоштук байланыштарды чыңдоону камтыйт.