Кыргызстанда электр энергиясын өчүрбөстөн оңдоо иштери жүргүзүлдү
Кыргызстанда электр энергиясын өчүрбөстөн электр тармактарын оңдоо технологиясы алгачкы жолу иш жүзүндө колдонулду. Бул технология керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Алгачкы оңдоо иштери Чүй облусунун Маевка айылындагы Биримдик турак жай массивинде энергетика министри Алтынбек Рысбековдун жеке көзөмөлү алдында жүргүзүлдү.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк райондук электр тармактарынын адистери 0,4 кВ чыңалуудагы аба электр чубалгысындагы изоляторду электр энергиясын өчүрбөстөн алмаштырышты. Натыйжада оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда да тургундар электр энергиясын үзгүлтүксүз пайдалана алышты.
Министр Алтынбек Рысбеков иштердин жүрүшү, колдонулган жабдуулар жана атайын коргонуу каражаттары менен таанышып, коопсуздук талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурду.
«Коопсуздук техникасы биринчи орунда турушу керек. Ар бир аракет так ырааттуулукта, кылдаттык жана кесипкөйлүк менен аткарылышы зарыл. Биздин милдет — заманбап технологияларды киргизүү менен бирге, энергетиктердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо, ошол эле учурда керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу», — деп белгиледи министр.
Жаңы технологияны жайылтуу жана адистерди даярдоо максатында Каракол шаарында чыңалуунун алдында иштөө боюнча адистештирилген окуу борбору түзүлгөн. Аны курууга жана жабдууга 55 млн сомдон ашык каражат жумшалган.
Бүгүнкү күнгө чейин борбордо 20 энергетик атайын даярдыктан өттү. 2026-жылдын аягына чейин алардын санын 24кө жеткирүү пландалууда. Окутуу теориялык жана практикалык сабактарды, электр коопсуздугунун талаптарын жана атайын иштөө ыкмаларын өздөштүрүүнү камтыйт.
Мындан тышкары, 2026–2030-жылдарга карата чыңалуунун алдында иштөө технологиясын киргизүү концепциясы иштелип чыккан. Анын алкагында адистерди даярдоо, заманбап жабдуулар менен камсыздоо жана технологияны өлкө боюнча кеңейтүү пландалууда.
Долбоорду ишке ашырууда Россиянын Татарстан Республикасындагы «Сетевая компания» ААКсы да усулдук жана кесиптик колдоо көрсөтүүдө.
Жаңы технология электр тармактарын оңдоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө электр энергиясын убактылуу өчүрүү зарылдыгын азайтып, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.