Кыргызстанда интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн жабылды

18-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 38

Ички иштер министрлиги интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат.

Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топтор кармалып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу лабораториялар аныкталган. Жыйынтыгында 30 кг ашык баңги каражаттар жана психотроптук заттар алынган.

Учурда башкармалык тарабынан интернеттеги кылмыштарды токтотуу, синтетикалык баңгизаттарды өңдүрүүчү баңгилик лабораторияларды уюштурган жактарды аныктоо, жана аларды кармоо, башка мамлекеттердин укук коргоо органдары менен эл аралык баңгилик топтордун ишине бөгөт коюу боюнча иш-чаралар улантылып жатат.

 

18-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X