Кыргызстанда картошка импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөө киргизилди
Кыргызстанда картошканын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев кол койду.
Чектөө өлкөдө картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыздоого жетиштүү болгонуна байланыштуу кабыл алынды.
Белгиленген чектөө Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү картошкага, ошондой эле илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чаралар үчүн ташылып келинген картошкага жайылтылбайт.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан жылына ички керектөө үчүн болжол менен 779 миң 700 тонна картошка пайдаланат. Өлкөнүн картошка менен өзүн-өзү камсыздоо деңгээли 181,9 пайызды түзөт.
2026-жылы Кыргызстанда 1 миллион 249 миң 700 тоннага жакын картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө.