Кыргызстанда мал ылаңдарынын алдын алуу иштери уланууда

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Бишкек шаарында майда жандыктардын чумасына (ЧМЖЖ) каршы эмдөө жүргүзүү, эпидемиологиялык көзөмөлдү уюштуруу жана эмдөөдөн кийинки натыйжаларды баалоо боюнча үч күндүк окуу-тренинг өтүүдө.

Иш-чара Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюму (IOFS) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан биргеликте уюштурулду. Анын негизги максаты — жеке ветеринардык дарыгерлердин жана ветеринардык лабораториялардын кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын жогорулатуу.

Тренингдин алкагында катышуучулар ЧМЖЖга каршы эмдөө кампанияларын пландаштыруу жана жүргүзүү, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, лабораториялык изилдөөлөр үчүн үлгүлөрдү алуу, тобокелдиктерди баалоо, серомониторинг жүргүзүү жана эмдөөдөн кийинки натыйжаларды талдоо боюнча теориялык жана практикалык билимдерин өркүндөтүүдө.Возможно, это изображение учеба и текст

Белгилей кетсек, Кыргызстан майда жандыктардын чумасын жок кылууга багытталган эл аралык программанын алкагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп келет. Бул багыттагы иштер Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) жана ФАОнун эл аралык стандарттарына жана сунуштамаларына ылайык ишке ашырылууда.

Учурда республика боюнча бекитилген планга ылайык, оорунун алдын алуу жана эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында күзгү эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуу-тренинг ветеринардык адистердин практикалык даярдыгын жогорулатууга, ооруну алдын алуу боюнча чаралардын натыйжалуулугун арттырууга жана өлкөдөгү эпизоотиялык туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X