Кыргызстанда мамлекеттик «Түндүк» мекемеси түзүлүүдө.
«Түндүк» мекемесине Кыргызстанда электрондук башкаруу системасын киргизүүдө техникалык координация менен камсыз кылуу, бийлик органдарынын жана юридикалык, жеке жактардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматта көрсөтүүнү камсыз кылуу функциясы жүктөлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Мамлекеттик мекеме алардын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылат. Ошондой эле жеке маалыматтарды да коргойт.