Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 70-орунга түштү. Октябрь айына карата статистиканы дүйнө жүзү боюнча интернет байланыштарынын ылдамдыгын жана натыйжалуулугун текшерген сервис жарыялады. Рейтинг 111 өлкөнүн ичинен аныкталды. Кыргызстан мурунку айларга салыштырмалуу төрт позицияга төмөндөгөн. Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча алдыңкы үчтүккө Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Кувейт кирет. Ал эми эң төмөн көрсөткүч Афганистанда катталды.