Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Себеби…
Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мындай абал диагностиканын сапаты жыл сайын жакшырып жатканына байланыштуу болууда. «Диагностикалык жабдуулар жакшырып, бейтаптардын билим деңгээли да жакшырууда. Биз рак алдындагы стадиясында, ал тургай нөл баскычында да ооруларды аныктай баштадык. Биз мындай бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурабыз. Аларды оору күчөй электе алгачкы стадиясында дарылайбыз. Мындан тышкары оорулардын көбөйүшү экологияга, тамактанууга, жаман адаттарга да байланыштуу. Мунун баары таасир этет”,-деген Букуев.