Кыргызстанда Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленди
25-сентябрда Кыргызстанда Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү белгиленип, органикалык секторду өнүктүрүүнүн келечегине арналган конференция өттү.
Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде уюштурулуп, анда органикалык айыл чарбанын жетишкендиктери, тармактын потенциалы жана 2026–2027-жылдарга карата өнүктүрүү багыттары талкууланды.
Конференцияга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, фермерлердин, өндүрүүчүлөрдүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
МинКаб Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков органикалык айыл чарба өлкөнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстанда органикалык өндүрүштү кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген олуттуу потенциал бар.
Тармактагы көрсөткүчтөр да өсүп жатканын расмий маалыматтар көрсөтүүдө. 2026-жылдын август айына карата өлкөдө 37 органикалык аймак, 11 кооператив жана PGS сертификатына ээ 208 пилоттук органикалык чарба иш алып барууда. Органикалык өндүрүшкө тартылган жалпы аянт 101 миң гектардан ашты.
Учурда тармакта мыйзамдык базаны өркүндөтүү, сертификация системасын өнүктүрүү, өндүрүүчүлөрдү колдоо жана фермерлердин билим деңгээлин жогорулатуу багытында иштер жүрүп жатат.
Конференциянын алкагында ата мекендик органикалык продукциялардын көргөзмөсү да уюштурулду. Катышуучулар ресурстарды үнөмдөөчү заманбап технологиялар жана өсүмдүктөрдү биологиялык коргоо каражаттары менен таанышты.
Мындан тышкары, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Монголиянын өкүлдөрү менен органикалык айыл чарба тармагындагы тажрыйба алмашуу өткөрүлдү.
Иш-чаранын соңунда органикалык секторду туруктуу өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.
