Кыргызстанда Орусиянын президентин шайлоого 7 842 жаран добуш берди
Кыргызстанда РФ президентин шайлоого 7 842 россиялык жаран добуш берди. Маалыматты Орусиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.
Маалыматта шайлоо участкаларында процесске КМШ, КМШ ПАА алкагында, ошондой эле талапкерлер менен коомдук уюмдардан эл аралык байкоочулар көз салып турганы айтылат.
Эскерте кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-мартта башталган, ал үч күнгө созулуп 17-мартта жыйынтыкталды. Алдын ала маалымат боюнча Владимир Путин добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болуп алдыга чыккан.
Кыргызстанда төрт шайлоо участогу ачылып, добуш берчүлөр Бишкек убактысы менен саат 8.00дөн 20.00гө чейин кабыл алынды.