Кыргызстанда ревакцинация башталды
Бишкекте 17-ноябрдан баштап коронавируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык адамдар бүгүнтөн тарта борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот.
Калган аймактарда кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде башталат.