Кыргызстанда «Скат Про» заводу ачылды

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127

Кыргызстанда энергетика жана инфраструктура тармактары үчүн продукция чыгаруучу «Скат Про» заводунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Ишкана Кыргызстандын энергетикалык кластерин өнүктүрүү алкагында Татарстан менен кызматташтыктын негизинде түзүлгөн.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты.

Завод заманбап өндүрүштүк жабдуулар жана автоматташтыруу технологиялары менен камсыздалган. Бул продукциянын сапатын жогорулатууга, өндүрүштүн натыйжалуулугун арттырууга жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.Возможно, это изображение текст

Темир Сариев мындай долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан үчүн даяр продукцияны сатып алуудан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө өтүү зарылдыгын баса белгиледи.Возможно, это изображение текст

«Скат Про» заводунун ишке кириши Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы өнөр жай кооперациясын чыңдоого, технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

16-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 127
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X