Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн мыйзам жаңыланат

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

Ош шаарында Кыргызстандын «Туризм жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоору талкууланды.

Бул тууралуу 2-ноябрда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тегерек стол Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулган.

Талкууда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери каралды.

Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, туристтик компаниялар, тармактык бирикмелер, эксперттер жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышты. Алар мыйзам долбоорун өркүндөтүү боюнча сунуштарын беришти.

Мыйзамдын жаңы редакциясы туризм тармагындагы укуктук базаны жакшыртууга жана өлкөдө туризмдин туруктуу өнүгүшүнө багытталган.

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X