Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40 пайызга азайды

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын саны 40 пайызга азайды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 266 бала каттоодо турат. Ал эми өткөн жылдын башында алардын саны 445ти түзгөн.

Белгилеп кетсек, баланын күбөлүгү жок болгонуна бир нече себептер бар, алар:

— ата-энесинин өздүгүн тастыктоочу документтеринин жоктугу;
— балдардын медициналык мекемелерден тышкары, үй шартында төрөлгөндүгү;
— ата-энелердин туруктуу каттоосунун жоктугу;
— ата-энелердин жоопкерчилиги жоктугу;

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X