30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат. Аймактарды, анын чегин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт;
талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга (өзүн-өзү көрсөткөндөргө) берилет;
25 жашка чыккан, жогорку билимдүү жана акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны талапкер боло алат;
30 мандат аялдарга квота катары бөлүнөт. Аял-талапкерлердин ичинен эң көп добуш алгандар депутат болуп шайланат.
партиялар ар бир округдан бирден талапкерди көрсөтөт. Ошондой эле партиялар алардын мүчөсү болбогон (башка партияларда мүчө болбосо) жаранды дагы талапкер катары көрсөтө алышат;
депутаттын орду бошогондо (мандатынан ажыратылып же тапшырса) ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.