"Эркин-Тоо"

Кыргызстандык 15 спортчу ЭОКтон ай сайын стипендия алмай болду (тизме)

Кыргызстандан олимпиадалык спорттун түрүн аркалаган алдыңкы 15 спортчуга Эл аралык олимпиада комитети ай сайын стипендия берип турмай болду. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети кабарлады.

«Токио Олимпиадасына чейин 10 кыргызстандык ЭОКтун стипендиясын алган. Биздин демилгенин аркасында квотаны 15ке жеткире алдык. Алар үчүн бул жогорку спорттук көрсөткүчтөргө жетишүүгө жакшы жардам берет”,-дейт Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов.

Спортчулар ай сайын 500 доллардан алып турмакчы. Сый акы 2022-жылдын май айынан 2024-жылдын 31-августуна чейин берилет.

Стипендия ала турчу спортчулардын тизмеси:

  • Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);
  • Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);
  • Алибек Осмонов (эркин күрөш);
  • Бекболот Мырзаназар уулу (эркин күрөш);
  • Эрназар Акматалиев (эркин күрөш);
  • Айсулуу Тыныбекова (аялдар күрөшү);
  • Мээрим Жуманазарова (аялдар күрөшү);
  • Айпери Медет кызы (аялдар күрөшү);
  • Кальмира Билимбекова (аялдар күрөшү);
  • Владимир Золоев (дзюдо);
  • Нурсултан Кеңешбеков (жеңил атлетика);
  • Гүлшаной Сатарова (жеңил атлетика);
  • Денис Петрашов (сууда сүзүү);
  • Бекдөөлөт Расулбеков (оор атлетика);
  • Нурадин Рустамбек уулу (бокс).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!