Кыргызстандыктар Казакстанга тоскоолдуксуз өтө алышат

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 57

Бүгүн, 11-апрелден баштап Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11нен 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып кыргызстандык жарандар мамлекеттик чек арадан «Ак-Жол унаа жолу» бекети аркылуу өтө башташты.

Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан «Чалдыбар унаа жолу», «Ак-Жол унаа жолу», «Кең-Булуң унаа жолу» жана «Токмок унаа жолу» бекеттери аркылуу өтө алышат.

Бош транспорт каражаттары чек арада жайгашкан «Кең-Булуң унаа жолу» бекетинен өтүшөт.

Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгүн тастыктаган паспорттун болушу зарыл.

Мындан тышкары, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты алдын ала тактап алуулары керектелет.

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X