Кыргызстандын үч дарбазачысы оюнга чыкпайт. Дарбазаны ким кайтарат?

Бүгүн, 11-июнда боло турган Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргыз тараптын дарбазасын Эрнист Батырканов кайтарат.

Кыргызстан футбол союзунун президенти Канат Маматов Бишкекте өткөн мааалымат жыйында коронавируска шек саналгандардын сары тизмесине кирген үч дарбазачыга оюнга чыгууга дагы уруксат берилбей калганын айтты.

“Биз Япониянын бардык көрсөтмөлөрүн так аткардык. Азыр баарыбыз оор учурда турабыз. Бул жерде бирөөнү күнөөлөгөн туура эмес. Оору ар бир адамга жугуп калышы мүмкүн. АФКнын сунушу менен бул беттештерди өткөрүүгө Япония гана макул болду. Биз бул оюндарды Кыргызстанда өткөрө албайт болчубуз. Анткени бизде эл аралык талапка ылайык келген стадионбуз жок. Эми өткөрүп жаткан мамлекет кандай талап койсо, баарын аткарууга мажбурбуз”, — деди Канат Маматов.

Буга чейин Япония өкмөтүнүн COVID-19га каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деген шек саноолор менен, оюндан четтетилген.

7-июнда Монголия курама командасы менен болгон оюнга кыргыз футболчулары дарбазачысыз чыгууга мажбур болгон. Оюнда дарбазаны коргоочу Айзар Акматов кайтарып, Кыргызстан курама командасы F тайпасында акыркы орунду ээлеп келе жаткан Монголия курама командасына 1:0 эсебинде жеңилген.

Андан тышкары бүгүнкү оюнга кыргызстандык футболчулар — Тамирлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу да катышпайт. Экөө Монголия курамасы менен 7-июндагы оюнда жана 2019-жылы тажик футболчулары менен беттеште эскертүү алышкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X