Кыргызстандын балдарга кам көрүү тажрыйбасы жогору бааланды

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 70

Кыргызстандын кенже курактагы балдарды өнүктүрүү жана мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү багытындагы мамлекеттик саясаты эл аралык деңгээлде оң баага ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Бангкок шаарында өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) Социалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-сессиясына катышууда.

Иш-чарада министр Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртуу жана үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Ал балдардын сапаттуу мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүү, инклюзивдик чөйрөнү өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдүү формаларын киргизүү жана бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо маселелерине токтолду.

Талкуунун жүрүшүндө ЭСКАТО менен Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстандын кенже курактагы балдарды өнүктүрүү саясатын жана адам капиталын чыңдоого багытталган демилгелерин жогору баалашты.

Белгилей кетсек, ЭСКАТО менен Кыргызстандын кызматташтыгы социалдык-экономикалык өнүгүү багытында да уланып келет. Жакында Кыргызстанга келген БУУнун Башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТО аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери каралган.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 70
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X