Кыргызстандын Болгариядагы бизнес өкүлү дайындалды
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Палатанын Болгариядагы жаңы өкүлү Адилет Сабырбекович Камчыбековго расмий күбөлүк тапшырды.
Адилет Камчыбеков Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Болгариядагы өкүлү болуп дайындалды. Анын ишмердүүлүгү София, Варна, Бургас жана Пловдив шаарларын жана облустарын камтыйт. Ал Палатанын Болгариядагы экинчи расмий өкүлү болуп калды.
Жаңы өкүлдүн алдында маанилүү милдеттер турат. Алардын катарында кыргызстандык жана болгариялык ишкерлердин ортосунда түз байланыштарды түзүү, ата мекендик продукцияны Болгариянын рыногуна чыгаруу, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү.
Болгария Кыргызстан үчүн Европа биримдигинин рыногуна чыгуудагы маанилүү экономикалык көпүрөлөрдүн бири катары каралууда. Бул багыттагы кызматташтык кыргыз ишкерлерине жаңы өнөктөштөрдү табууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эл аралык рыноктордо өз позициясын бекемдөөгө шарт түзөт.
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн географиясын кеңейтүүнү улантууда. Бул демилге ата мекендик бизнестин эл аралык байланыштарын чыңдоого, жаңы рынокторду ачууга жана Кыргызстандын экономикалык потенциалын дүйнөгө таанытууга багытталган.