"Эркин-Тоо"

Чек арачылар акча талап кылып жатышабы?

Кыргызстандын чек арачылары өткөрмө пункттарынан өткөн жарандардан акча талап кыларын депутат Алишер Козуев жыйында айтып чыкты. Айтымында, Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» өткөрмө пунктунда айрым чек арачылар жасалма кезектерди уюштуруп, акча алышат.

«Бизде 15 көзөмөл өткөрмө пункту иштейт. Акыркы 3-4 жылдан бери Өзбекстан менен алакабыз жакшы. Биздин жарандар коңшу өлкөгө турист катары жана жеке жумуштары менен барып келип жатышат. Чек ара постунан өткөндөн кийин жөнөкөй жарандарыбызга чейин өзбектер «келиңиз конок» деп сый көргөзүп жатышат. Карап туруп суктанасың.

Ал эми бизге келсек, бир эле «Достук» пунктун алалы. Ал жерде чек арачылар жасалма кезектерди жаратып, Өзбек жарандарынан акча талап кылып, кыйнап жатышат. Бир күндө бир эле посттон 10 миңден ашык адам кирип, чыгат экен. Ошондой эле сыртка чыкканда биздин жоон топ адамдарыбыз монополия кылып, 200 сом менен бара турган жерге 2 миң, керек болсо 5 миң сомго чейин талап кылышат. Биз уялып жатабыз», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат күндөн-күнгө жакшырып жаткан мамилени ортодогу бир ууч адамдар бузуп жатканын белгилеп, УКМКнын төрагасына, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылды.

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!