Кыргызстандын эл аралык резерви 10 млрд доллардан ашты

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62

Кыргызстандын эл аралык резервдери тарыхта биринчи жолу 10 млрд АКШ долларынан ашты. Бул тууралуу кечээ, 29-январда, Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Мелис Тургунбаевдин айтымында, аталган көрсөткүч өлкөнүн финансылык туруктуулугун чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Эл аралык резервдердин мындай көлөмү мамлекеттик тышкы карыздан дээрлик эки эсе жогору болуп, валюта рыногун тышкы экономикалык коркунучтардан коргоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, резервдер импорттун болжол менен тогуз айлык көлөмүн жабууга мүмкүнчүлүк берет.

30-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X