"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 23 жыл толду

Ушул жылдын 28-майында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөнүнө 23 жыл толду. Бул күндүн салтанатына байланыштуу Дайыр Асанов атындагы «Жеңиш» сейил багында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган УКМКнын жана Чек ара кызматынын жетекчилиги, өздүк курам, ардагерлер жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Чек ара кызматынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, «Чек арачы жоокер» айкелине гүлчамбар коюлду. Бул күн 1999-жылдын 28-майында чек ара кызматынын макамын жогорулатуу жана анын ишин жакшыртуу максатында президенттин жарлыгы менен бекитилген. Өлкөнүн чек ара кызматы алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин курамына кирип, андан соң өз алдынча мекеме болуп өзгөргөн. Ал эми 2020-жылы кайрадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!