Кыргызстандын салык системасындагы беш чоң өзгөрүү
338 миллиард сом! Болгону он айда!
Бул – 2026-жылдын он айында эле бюджетке чогулган салыктардын көлөмү!
Бул каражаттар эмнеге жумшалат?
Жолдорду курууга, мектептерди, ооруканаларды каржылоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө.
Бирок акыркы беш жылда өзгөргөн нерсе сандар гана эмес.
Кыргызстандын салык системасында дагы кандай өзгөрүүлөр болду?
Келгиле, эң негизги беш өзгөрүүгө токтололу!
Биринчи – салык төлөө кыйла жеңилдеди!
Салык кызматы көзөмөлдөөчү органдан элге кызмат көрсөтүүгө багытталган заманбап мекемеге айланды.
Кызматтардын дээрлик баары электрондук форматка өттү.
Калкты тейлөө борборлору, Бирдиктүү терезелер жана онлайн сервистер иштеп жатат.
Бүгүн онлайн салыктык кызматтарды колдонгондордун саны 1 миллион 700 миңден ашты!
Экинчи – жаңы технологиялар!
Салык тармагында заманбап технологиялар кеңири колдонулууда.
«Салык Күзөт» тутуму мыйзам бузууларды аныктоого жардам берүүдө.
Базарларда жана ири соода борборлорунда салык төлөө процесстери санариптештирилди.
Бул ашыкча текшерүүлөрдү жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга шарт түздү.
Үчүнчү – бюджетке түшкөн каражат көбөйдү!
Сандарга көңүл буруңуз!
2021-жылы – 105 миллиард сом чогулса, 2025-жылы – 308 миллиард сомго жетти!
Ал эми 2026-жылдын он айында эле – 338 миллиард сомдон ашык!
Дагы бир маанилүү көрсөткүч!
2025-жылы Салык кызматы эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу салыктарды чогултуу боюнча планды мөөнөтүнөн мурда аткарды.
Төртүнчү – ишкерлер менен ачык диалог!
Ишкерлердин үнүн угуу – өзгөрүүлөрдүн маанилүү бөлүгү.
Бүгүн Салык кызматы бизнес өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барууда.
Алардын көйгөйлөрү угулуп, маселелерди биргелешип чечүүгө көңүл бурулууда.
Максат – ишенимге жана өнөктөштүккө негизделген кызматташуу!
Бешинчи – салык жеңилдиктери!
Ишкерлерге жана жарандарга бир катар жеңилдиктер берилди.
Айыл чарба жерлери 2030-жылга чейин салыктан бошотулду.
Транспорт салыгы жоюлду.
Тигүү жана текстиль тармактарына жеңилдиктер берилип, зергер тармагында салык төмөндөтүлдү.
Креативдүү индустриянын өкүлдөрү беш жылга бирдиктүү салыктан бошотулду.
Коомдук тамактануу жана курулуш тармактары үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлдү.
Жылдык кирешеси 15 миллион сомго чейинки чакан бизнес салыктан бошотулду.
Жеке жарандар үчүн жалпы декларация тапшыруу милдети жокко чыгарылды.
Ишкерлерге түйшүк жараткан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү түрдө колдонуу талабы жоюлду.
Бул өзгөрүүлөр эмнени билдирет?
Жарандар үчүн – ыңгайлуу кызмат!
Ишкерлер үчүн – жеңилдетилген шарттар!
Мамлекет үчүн – бюджеттин өсүшү жана өнүгүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр!
Эң негизгиси, салык системасы ишенимге, өнөктөштүккө жана өз ара жоопкерчиликке негизделген жаңы багытта өнүгүүдө.
Анткени салык – жөн гана милдет эмес. Бул ар бирибиздин өлкөбүздүн келечегине кошкон салымыбыз!
Максат – экономикасы күчтүү, ишкерлиги өнүккөн, элинин жашоосу жакшырган, келечеги кең Кыргызстан!