Кыргызстандын тарыхы боюнча 15 томдук китептин долбоору бекитилди

25-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китептин долбоору талкууланып, жыйынтыгында аталган эмгектин структурасы жана мазмундук багыттары бекитилип, автордук жамааттын курамы аныкталды. Ошондой эле кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.

Кеңешменин алкагында маданий мурастарды даңазалоо жана коомчулукка жеткирүү маселелери да өзгөчө көңүл борборунда болду. Бишкек шаарынын аймагында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплексти түзүү демилгеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.

25-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X