"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кышкы Олимпиадада улуттук кураманын спорттук кийими кандай болот?

Үстүбүздөгү жылдын 6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу Кыргызстандын улуттук курама командасынын спортчулары үчүн даярдалган спорттук жана параддык экипировкасы көрсөтүлдү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, экипировкалар эл аралык стандарттарга жана Кышкы Олимпиада оюндарындагы талаптарга ылайык иштелип чыгып, спортсмендердин мелдеш маалындагы ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөтүүсүн камсыздоого багытталган.

Ак түстөгү экипировка — параддык, ал эми кочкул көк түстөгү форма машыгууга арналган. Параддык форма улуттук баш кийим — ак калпак менен толукталат.

Спорттук жана параддык экипировка Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Улуттук олимпиадалык комитетинин макулдашуусунун негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалды.

Белгилей кетсек, кыргыз спортсмендери Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргойт.