Кытайда XII Эл аралык «Манас» маданий туризм фестивалынын ачылышы өттү

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Маданият 148

2026-жылдын 13-июлунда Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда «Дүйнөнүн Памири – Түбөлүктүү Манас» аталышындагы XII Эл аралык «Манас» маданий туризм фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын жетекчиси Нурбек Талантбеков катышты.Возможно, это изображение текст

Фестивалдын негизги багыттарынын бири — «Манас» эпосун сактоо, жайылтуу жана дүйнөлүк коомчулукка таанытуу, ошондой эле маданий туризмди өнүктүрүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында маданият жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлуп, «Манас медиа» мобилдик тиркемеси жана эпоско арналган жаңы маданий долбоорлор коомчулукка сунушталды.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, фестивалдын ачылыш аземине 15 миңден ашуун адам катышты. Иш-чара 40тан ашык маалымат платформасында түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, жалпы көрүүчүлөрдүн саны 21,7 миллион адамга жетти.

XII Эл аралык «Манас» маданий туризм фестивалы 2026-жылдын 20-июлуна чейин уланат. Анын алкагында «Манас» эпосун коргоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык форум, маданий мурас көргөзмөлөрү, концерттик программалар жана этномаданий иш-чаралар уюштурулат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X