Өткөн аптанын аягында өлкөбүздө 25 жылдан бери эл күткөн эң ири долбоор ишке кирип, Жалал-Абад шаарынын Төш-Кутчу айылында “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушуна старт берилди. Эгемендик алгандан бери эч бир жетекчи батынбай, эрки жетпей, сөз жүзүндө гана айтып келген маселеге Садыр Жапаров чекит коюп, өзүнүн кыраакылыгы, дипломатиялык жөндөмү менен чечти. Жакынкы жылдарда аталган жол курулуп бүтсө Кыргызстан туюк мамлекеттен чыгып, транзиттик өлкөгө айланат.
Темир жолдун курулушуна старт берилген иш-чарага Президен Садыр Жапаров өзү катышып, темир жолдун ишке кириши Кыргызстандын экономикалык өсүшүн тездетерин, Евразиядагы маанилүү транзиттик хаб болорун баса белгиледи.
«Мен биздин өнөктөштөрүбүзгө – Кытай Эл Республикасына жана Өзбекстанга бул долбоорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет. «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилү стратегиялык көпүрө. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн бир бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн базарларына жол ачат. Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор аймактар аралык байланыштарды чыңдайт, транспорттук багыттарды диверсификациялоо жана эл аралык транспорттук-транзиттик хаб катары аймактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча аймактагы мамлекеттердин максаттарына жооп берет» деди Садыр Жапаров.
Салтанаттуу иш-чарада Кытай Эл Республикасынын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чжэн Шаньцзе КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин кайрылуусун окуду. Ал белгилегендей, бул долбоор Азия менен Европаны бириктирген кургактагы жаңы коридордун курулушуна шарт түзүп, үч өлкөнүн ортосундагы адамдардын кыймылынын жана соода жүгүртүүнүн деңгээлин бир топ жогорулатат. Долбоор өнөр жайды натыйжалуу өнүктүрүүгө, ресурстарды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле соода жүргүзүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзөт.
Андан кийин Шавкат Мирзиёев “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышына байланыштуу кайрылуусунда: “Бул биз менен дос өлкөлөрдүн дээрлик 30 жылдан бери илгери сүрүп келе жаткан чыныгы тарыхый окуя. Эл аралык маанидеги жаңы транспорттук артерия түзүлүүдө. Ал Борбор Азия чөлкөмүн Кытай менен кургактыктагы эң кыска жол аркылуу байланыштырып, мамлекеттерибиздин көп тараптуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө салым кошот” деген.
Аталган темир жолдун курулушу менен Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек жолунун тарыхый деми калыбына келет. Ал эми Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ. Биринчиден, аталган темир жолдун курулушу өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары биздин ролубуз бекемделет, жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден, аталган долбоор өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, жетүүгө кыйын райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат.
Мындан тышкары, темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. Балыкчыдан Макмалга чейин темир жолу курулуп келип, ушул жолго кошулат. Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу дагы байланышта болот. Ошондой эле бул жаңы каттам аркылуу Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ачылат.
Темир жол толук кандуу иштей баштаган күндөн тарта Кыргызстанга жыл сайын 200-300 миллион доллардан киреше түшүп баштайт. Арийне, бизге темир жолдун алгачкы түз пайдаларынан да кийинки кыйыр кирешелери көп болот, ал жагынан ага 5 миллиард доллар эмес, андан эки эсе көп каражат жумшалса да саналуу жылдарда эле өзүн толук актайт. Биринчиден, курулуш башталары менен ишке 20 миңдей адам тартылса, пайдаланууга берилгенден кийин 2,7 миң адам туруктуу жумуш менен камсыз болот. Экинчиси, темир жол аркылуу импорттолгон жүктөр 20-30 пайыз арзан келе баштайт. Үчүнчүсү, Торугартка, Арпага, Макмалга жаңы бекеттер курулат, Жалал-Абад шаарынын бекети кеңейтилет. Дегинкисинде 4 эмес, андан 2-3 эсе көп бекет түшсө, аймактардын өнүгүшүнө ошончолук жакшы болот. Бешинчиси, бекеттерге эл тартылып, алардын социалдык инфратүзүмдөрү кескин өнүгүп, соода, кафе-ресторандык, мейманканалык, турмуш-тиричиликтик ж.б. тейлөөчү жайлар пайда болот. Алтынчысы, темир жолго жакын жерлердеги Жетим-Тоо темир, Сандык алюминий, башка алтын, күмүш, көмүр жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендерин, жаратылыш байлыктарын өздөштүргөнгө мыкты шарттар түзүлөт. Маселен, Кыргызстанда чоң-кичинелери биригип 100дөн ашык алтын кени болсо, алардын 30 пайызга жакыны келечектеги темир жолдун аймагына жакын жайгашкан. Алардан сырткары көмүр, алюминий, темир, гипс, коргошун, барит ж.б. кендер, курулушка керектүү баалуу материалдар да бар.
Эң башкысы, Кыргызстан транспорттук, логистикалык туюктан чыгат. Бул жагынан азыр биз дүйнөдөгү 160 өлкөнүн ичинен 108-орунду ээлесек, долбоор ишке ашырылса бул жааттагы абалыбыз эки эсе жакшырат. Ал эми транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүк жакшырган сайын, инвесторлордун кызыкдарлыгы да ошончолук арта берет. Бир сөз менен айтканда, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу бизге аба менен суудай керек болчу, аны бүгүнкү бийлик ишке ашыра баштады. Муну жапатырмак колдоого милдеттүүбүз. Анткени, Улуу Жибек жолунун кайра жаралышы Борбор Азия өлкөлөрүнүн толук масштабдуу жана көп баскычтуу өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул жерде Евразия үчүн жаңы транспорттук базаны куруу жөнүндө сөз болуп жатат. Континентте чыгыш менен батыштын, түндүк менен түштүктүн ортосундагы өз ара байланыштын кеңири чөйрөсүндөгү темир жол тармагы түзүлүүдө. Ток этээрин айтканда, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу бул жерде өзгөчө роль ойнойт. Европа менен Түштүк-Чыгыш Азиянын негизги транспорттук системаларын эң кыска аралыкта байланыштырган тутумга айланат.
Мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов:
— «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышы – бул олуттуу эл аралык масштабдагы чоң окуя. Биздин өлкөнүн келечеги абдан кенен, Борбор Азиядагы геоэкономикалык ландшафт өзгөрүүдө. Мунун аркасында биз транспорттук туюктуктан чыгып, дүйнөлүк сооданын жаңыдан курулган логистикалык чынжырларынын маанилүү звеносуна айлануудабыз. Бул глобалдык туруксуздукту эске алганда өзгөчө маанилүү. Бул долбоордун аркасында биз транзиттик өлкө катары экономикабызды гана чыңдап тим болбостон, эл аралык аренадагы статусубузду да көтөрөбүз. Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маанилүү көпүрөгө айланып баратат, биз Россия менен Кытайдын ортосундагы, ошондой эле Евробиримдик менен Азия-Тынч океан аймагынын ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө олуттуу салым кошобуз. Биз ири континенттеги ондогон мамлекеттердин ортосунда жүк ташуулардын олуттуу көлөмү өтө турган маанилүү звеного айлануудабыз.
Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев:
— «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорунун мааниси абдан зор. Мен аны стратегиялык темир жол деп айтар элем. Анткени, биздин Кыргызстан Азия менен Европанын тогошкон жеринде турат. Бирок, ачык деңизге чыгуубуз жок болгондуктан, бир топ ыңгайлуу трафиктен кур жалак калып келебиз. Натыйжада авто жана аба жолдорун колдонууга аргасызбыз. Ошондуктан ары-бери ташыган жүктөрүбүз өтө эле кымбатка түшөт. Аталган долбоордун расмий ачылышы мына бүгүн болду. Кытай, Өбекстан жана биз үлүштүк каржыларыбызды ортого салып ишти баштадык. Президент Садыр Жапаров бул жерде өзүнүн күчтүү стратег экендигин көрсөттү. Бул темир жол бизди ачык деңизге чыгарат. Батыш менен Чыгыштын кан тамыры пайда болот. Бир эле жүк жана товарлар ташылбастан, жүргүнчүлөрдү комфорттук шарттарда дагы тейлөө мүмкүнчүлүгү ачылат. Казакстан менен Россияга көз каранды болгон жаныбызга, буюрса, ачык транспорттук коридор пайда болгону турат. Мындан сырткары, ушул эле темир жолдун жака-белдеринде ыңгайлуу инфраструктуралар иштей баштайт. Кен-байлыктарыбызды арзан ташый баштайбыз. Натыйжада, экономикабыз көтөрүлөт. Биз бул долбоордон пайда гана көрөбүз!
Коомдук ишмер Бейшенбек Абдразаков:
— Биздин акыркы 30 жылда өткөн тарыхыбызды карап, Кыргызстандын географиялык туңгуюк жерде жайгашуусун эске алсак, деңизге чыкканга жолубуз жок эле. Демек, эл аралык автомагистралдык жол менен дүйнөгө өз продукциябызды чыгаралбай, учактар менен деле дүйнөлүк чоң рынокко чыгалбай, кара тизмеде жашап келдик. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу караңгыда КҮН чыккандай жаңылык. Бул – дүйнөлүк рынокко ачылган жол!
Журналист Төлөгөн Сулайманов:
— «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушуна биздин айрым стратегиялык өнөктөш мамлекеттер салкын көз карашта болчу. Негизинен геосаясат жана таасир этүүнүн рычагы катары карап келишкен. Болбосо, бул долбоор 2000-жылдардан бери эле күн тартибине коюлуп келет. Активдүү иш пландар 2010–2016- жылдарга туура келип, бирок негизги көйгөй темир жолдун стандарты Кытайдыкыбы же Россияныкы болобу дегенге келип такалган. Чынын айтыш керек, бул ири келечектүү долбоор. Азыркы дүйнөдө болуп жаткан процесстерден улам бул долбоор башка өнөктөш мамлекеттер үчүн актуалдуулугун жоготуп, бирок, биз үчүн ийгилик алып келчү иш-чара. Билишимче, долбоордун баасы 5 млрд доллар. Биздин үлүштүн суммасы. Эгер тез арада ишке кирип кетсе, анда сөзсүз мамлекет үчүн пайда болот. Транспорттук көз карандылыктан кутулуу чоң олжо. Дүйнөдө эң арзан логистика бул кеме жана темир жол. Демек, бул мамлекет үчүн экономикалык приоритет!
“Ак калпак” партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев:
— Бул темир жолдун курулушу чөлгө суу алып келгенге барабар чоң долбоор. Анткени, жол бул артерия, кан тамыр. Биз туюк мамлекет болуп келгенбиз, деңизге чыга албайбыз, башка жолдорубуз жок. Ошондуктан, темир жол курулса кургак порт түзгөн болобуз. Кургак порт түзүлгөндө чоң бир логистика түзүлөт. Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринде 650 миллиондон ашык эл бар, ошол эл өзүнүн товарларын, продукцияларын батыш мамлекеттерине, деңизге алып чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерден бизге дагы чоң пайда түшөт. Биз аркылуу жол өтүп, логистиканы түзөбүз. Жол өткөн жерде дайыма акча, экономикада өнүгүү болот.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев:
— Темир жолдун курулушу менен бизде өтө көп потенциал, биз билбеген мүмкүнчүлүктөр ачылат. Канча жылдардан бери талкууланып келген долбоорду мына эми гана жүзөгө ашыруу иштери башталып жатат. Бул темир жол Өзбекстан менен Кыргызстан үчүн абдан керек. Жол тармагында деңиз аркылуу өтүүчү каттамдар эң арзан болуп эсептелинип, биринчи орунда турат. Экинчи орунда темир жол бар. Ал эми унаа жолу бул жүк ташууларда убакытты жана каражатты көп талап кылат. Мындан улам темир жол аралыкты кыскартып, жүк ташууга кеткен чыгымдардын көлөмүн азайтат. Ошондуктан, биздин өлкө үчүн темир жол экономиканы алдыга жылдырууга, ишкерлердин ишин илгерилетүүгө чоң өбөлгө түзөт.
Зулпукаар Сапанов