"Эркин-Тоо"

Кытайда куш тумоосун жугузган алгачкы адам катталды

Кытайдын Цзянсу провинциясында H10N3 деп аталган куш тумоосун жугузган алгачкы адам катталды. Маалыматы Кытайдын Саламаттык сактоо маселелери боюнча Мамлекеттик комитети таратып, илдет 41 жаштагы эркек кишиге жукканын билдирген. Ооруп калган адамдын алгач дене табы көтөрүлүп, илдеттин дагы кошумча симптомдору байкалган.

Ал эми 28-апрелде анын абалы кескин оорлогонго байланыштуу, ал ооруканага жаткырылып, анализдер алынган. Жыйынтыгында бейтаптан H10N3 вирусу чыгып, ага канаттуулардан келип чыккан штамм жукканы айтылган. Акыркы маалымат боюнча бейтаптын абалы канааттандырарлык, бирок ал азырынча дарыгерлердин көзөмөлүндө. Маалыматка ылайык, оору жугузуп алган адам менен тыгыз байланышта болгондор дарыгерлердин карамагына алынган жана алардан эч кандай оорунун белгилери табылган эмес.