Кытайлык биринчи марсоход кызыл планетага конду
Кытайлык “Тяньвэнь-1” планеталар аралык платформасы 15-майда “Чжужун” роверин Марстын Утопия деп аталган түздүгүнө кондурду жана бул аппарат Кызыл планетада марстык 90 күн иштейт. Ошентип, Кытай Марска автоматтык аппаратын кондурган дүйнөдөгү үчүнчү мамлекет болуп калды деп маалымдады Синьхуа агенттиги.