«Кызматта» онлайн кызматтарды өнүктүрүү боюнча жыйын өттү

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинде онлайн кызматтарды өнүктүрүү боюнча чукул жыйын өттү

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору Атканов Нургазы Анаркулович мамлекеттик кызматтарды онлайн форматта көрсөтүүнү кеңейтүү жана «Түндүк» мобилдик тиркемесин активдүү колдонуу боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Жыйында калкты тейлөө борборлорундагы кезектерди алдын алуу, жарандарды мамлекеттик кызматтарды онлайн алууга багыттоо жана санариптик сервистер тууралуу маалыматтык иштерди күчөтүү маселелери каралды.Возможно, это изображение учеба и текст

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө онлайн кызматтарды колдонууну кеңейтүү, жарандар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү жайылтуу жана калкты тейлөө борборлорунун жүктөмүн азайтуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Негизги максат — мамлекеттик кызматтарды ар бир жаран үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ыкчам көрсөтүүнү камсыз кылуу.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 83
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X