"Эркин-Тоо"

Кызык чектен чыгып үйлөрдү куруп алышкан

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы 2024-жылдын 11 айында кызыл сызыктан чыгып, мамлекетке тиешелүү жерге мыйзамсыз курулган 269 объектини аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мунун ичинен 228 объект бузулду. 9 объектке чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Калгандарынын жагдайы белгисиз.

Министрлик соңку фактылардан Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылындагы Талас-Тараз авто жолунун түштүк жагында жайгашкан “Партнер нефть” май куюучу жайынын көрнөк-жарнак тактайларын (стела) мисал келтирди. Курулма кызыл сызыкка кирип кеткендиги аныкталып, буздурулуп алынды.

Пример HTML-страницы