Кызыл-Кыяда курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 52

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында алты кабаттуу турак үйдүн курулушун текшерүү учурунда мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Нигматулин көчөсүндө жайгашкан объектте курулуш иштеринин этаптарын кабыл алуу белгиленген тартипте жана мөөнөтүндө таризделген эмес.

Аталган мыйзам бузуу үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Кызыл-Кыя Курулуш» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынып, кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X