Кызыл-Кыялык окуучу АКШдагы олимпиадада 1-орунду ээледи
АКШнын Лос-Анджелес шаарында өткөн XCEL эл аралык математика олимпиадасында кыргызстандык окуучу биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Turmush билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы “Light Academy” мектебинин 4-классынын окуучусу Беккан Аллабердыев 40 мамлекеттен келген катышуучулардын арасынан мыкты жыйынтык көрсөттү. Ал Баткен облусунан аталган олимпиадага жалгыз барган.
Беккан буга чейин да Түркия жана Өзбекстанда өткөн менталдык арифметика боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды алып келген. Март айында ал Сингапурда өтө турган олимпиадага катышууну пландоодо.