Лаостун президенти Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды
Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Президенти Тхонглун Сисулит 1-сентябрда Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды.
Жогорку даражалуу конок музейдин туруктуу экспозициясы, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын чагылдырган уникалдуу экспонаттар менен таанышты.
Тхонглун Сисулит тарыхый-маданий мураска кызыгуу көрсөтүп, музейлердин улуттук тарыхты жана эс тутумду сактоодогу маанилүү ролун белгиледи.
Визиттин соңунда Лаостун президенти Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилектерин жазып, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.