ЛДПР алиге чейин “кыз бойдон”

ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский өзүнүн партиясыны алиге чейин “кыз бойдон”, анткени бир дагы саясий союздарга кошула элек деп айткандыгын “КоммерсантЪ” басылмасы маалымдады.

Саясатчынын айтымында россиялыктар коммунизмди 40 жыл мурда эле убада кылган КПРФ жана “Справедливая Россия” партияларын таш бараңга алышы мүмкүн, себеби алар убадаларын алиге чейин аткара элек. “Ал эми ЛДПР таза. Саясат талаасында алиге чейин “кыз бойдон”.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X