Легендарлуу мушкер Рой Джонс Кыргызстанга келди

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 146

Легендарлуу америкалык мушкер, дүйнөлүк бокс тарыхындагы атактуу спортчулардын бири Рой Джонс бүгүн, 1-октябрда Ош шаарына келди.

Дүйнөгө белгилүү мушкерди «Ош» эл аралык аэропортунан Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов жана күйөрмандар тосуп алышты.

Рой Джонс Ош шаарында өтүп жаткан World Boxing Championship Amateur TURKSOY эл аралык турниринин ардактуу коногу болот. Ал мелдештин жүрүшүнө күбө болуп, бокс күйөрмандары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Рой Джонс — дүйнөлүк бокстун тарыхында төрт салмак категориясында чемпиондук титулга ээ болгон белгилүү мушкерлердин бири.

1-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 146
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X