Лейлек РИИБдин кызматкерлери мугалимдердин катышуусунда Лейлек районунун аймагындагы жайгашкан билим берүү мекемелеринде Т.Жапаров жана А.Навои атындагы орто мектептеринин окуучуларынын арасында милициянын жаш досу отрядынын сынагы болуп өттү.
Аталган сынак окуучулардын арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана укук бузууларга жол бербөө максатында өткөрүлдү. Ошондой эле, милиция кызматкерлери бул иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларды мекенди сүйүүгө, жаштарды дени сак жашоого үндөштү.
Бул иш-чаранын жыйынтыгы менен Т.Жапаров атындагы орто мектептин окуучулары утуп чыкты. Эми уткан команда облустук деңгээлде өтө турган сынакка катышат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы