Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы 225 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Эки кабаттуу окуу корпуста негизги класстардан тышкары, лаборатория, дарыгердин кабинети, окуу залы, актовый зал жана сырткы спорт аянтчасы каралган. Учурда объекттин курулушу 80 пайызга бүткөрүлдү.