Лейтенант Чыңгыз Акчалов: «БИЗ КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН ЖЕЛБИРЕТТИК»

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58

Таластын Бала-Саруу айылында төрөлгөн Чыңгыз Акчалов баш болгон биздин танкисттер Орусияда өткөн Эл аралык аскер оюндарынын танкалык биатлон боюнча мелдешинде дүйнө жүзүн таң калтырды. 24 мамлекеттин эң мыкты деп тандалып алынган танкисттери катышкан аскердик бул оюнда танк командири Чыңгыз Акчалов, сержант, мээлегич-оператор Жаңыбай уулу Тилек, механик айдоочу Сүйүнбай уулу Бекмырза кыргыз желегин желбиретип, Мьянма, Тажикстан мамлекеттерин артта калтырышкан. Ошол мүнөттөрдө кубанычтын көз жаштары төгүлдү. Кыргыз танкисттеринин жеңишин бүт дүйнө жүзү карап турган болчу. Албетте, бул Кыргыз мамлекетинин куралдуу күчтөрүнүн тарыхында калчу чоң окуя эле. Бул жөнүндө бизге танк командири Чыңгыз Акчалов кеңири айтып берди.

— Чыңгыз, силер адегенде кошуна мамлекеттин танкисттери Тажикстандан дээрлик бир айланма калып калдыңар эле. Анан кантип алдыга чыктыңар? Ошол мезгилдеги эмоцияңар менен бөлүшө аласыңбы?

— Өтө намыстандык, биз Тажикстандык атаандаштарыбыздан калбашыбыз керек деген мекенчилдик сезим үчөөбүздө тең катуу ойгонду. Ар бирибиз өз милдетибизди катасыз аткаруу үчүн жан үрөп жаттык. Биз танкабыз менен суудан өтүп бутаны атууга келгенде атылбай калды. Бул мезгилде ар бир көз ирмем биз үчүн өтө кымбат эле. Ошого карабастан аракетибиз менен башка танк алмаштырып, атаандашыбыз Тажикстандын танкисттерин кууп өттүк. Бул жерде биздин айдоочу-механик сержант Сүйүнбай уулу Бекмырзанын аракетин, сержант, мээлегич Жаңыбай уулу Тилектин бутага таамай тийгизгендигин айтпай кетүүгө болбойт. Ошондон кийин бизде дагы жаңы дем, күч пайда болуп тажик танкисттерин ашып өттүк.

— Дүйнөлүк аскер оюндарына катышуу үчүн кандай сыноолордон өттүңөр?

— Өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан бардык танкисттер арасында тандоо жүрдү. Биз Баткенден барган үчөөбүз шамдагайлык, мээлеп атуу, танк айдоо боюнча алдыга чыктык. Ошентип күтүлбөгөн жерден Баткендик танкисттер Коргоо министрлигинин атынан катышып калдык. Ошол сааттан баштап бизге өзгөчө жоопкерчилик жүктөлдү. Биз жеңишсиз кайтпашыбыз керек эле. Себеби, Кыргыз элинин духун, эрдигин, каармандыгын биз дүйнөгө даңазалоо үчүн барган элек.

— Жеңиш кандай жакшы. Ошондо силерди кучактап, сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберген аскер адамын биз да көрүп турдук. Жеңиштен кийин кандай сезимдер болду?

— Чын эле биз ошондо жеңишке жеттикпи деп кубанып жаттык. 2 сааттык чоң таймашта ириде жеңишти эмес, намысты ойлоп жүрдүк. Бир кемчилигибиз, бул өтө чоң жоготуу болгондуктан ар бирибиз өз милдетибиз үчүн сынакты кемчиликсиз аткаруунун аракети менен болдук. Аскердик кырдаалда кенедей кемчилик бул – чоң жоготуу. Ошондуктан ар бир көз ирмемдеги таймашты биз катасыз аткаруу менен алек болуп жаттык. Качан гана Кыргызстан биринчи дегенде, ошондо чыныгы жеңиштин даамын сездик. Бизден мурда бизди сүрөп тургандар Кыргыз желегин желбиретип, бири-бири менен кучакташып жаткандарын көрүп, кыргыз болгонубузга сыймыктандык. Артиллериялык-мастерибиз прапорщик Серкебаев Саламат бизди кучактап кубанганынан ыйлап жиберди. А биз болсо буга чейинки машыгуудагы кыйынчылыктарды унутуп, жеңиштин даамын сезип жаттык.

— Сүйгөн кызың силердин жеңишиңерди көрүп бөлүшкөндүр?..

— Бизди дароо эле телефондон чалып куттуктады. Ал турсун сыймыктанаарын айтып, досторума дагы ийгилик каалады. Мындайда сүйгөн адамыңдын сен жөнүндөгү жакшы пикири дагы бир жеңишке барабар болот экен.

— Калган кесиптештериң жөнүндө да айта кетсең. Алар да бойдокпу?

— Алар дагы үйлөнө элек. Мен биздин жеңишке жетүүбүзгө же танкыбыз бузулуп убакыттан уттурганыбызга карабастан атаандаштарыбызды кемчиликсиз, жогорку ылдамдык менен кууп өткөн Баткендик сержант Сүйүнбай уулу Бекмырзанын чеберчилиги жөнүндө айтпай кетсем болбойт. Ал өзү кичинекей болгону менен өтө ыкчамдыгы менен таң калтырды. Ал эми мээлегич, сержант Жаңыбай уулу Тилек болсо буталарга таамай тийгизип жатты. Кенже сержант Тажибай уулу Нурсултан болсо биздин танктын оң абалда, ишенимдүү жүрүшүнө өзгөчө эмгек көрсөттү.

— Сыйлык сыймык демекчи, жеңишиңер кандай бааланды?

— Президенттин “Алкыш барагы” менен кошо акчалай сыйлыгын алдык. Коргоо министрлигинин жолдомосу менен көлдө эс алдык. КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин “Ардак грамотасын” алдык. Оштун мэри акчалай сыйлык менен сыйлады. Негизи биз кыргыз желегин дүйнөлүк алкакта желбиреткенге жетиштик. Бизге мындан ашык сый барбы?! Кыргыз болгонубузга сыймыктандык.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Адылбек Акматов

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X