Лео Рохастын Кырчындагы өнөрү элди суктандырды
Эквадордук белгилүү музыкант, пан-флейтада виртуоздук аткаруусу менен дүйнөгө таанылган Лео Рохас VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда концерт берди.
Музыканттын өзгөчө аткаруусу көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, Кырчындын көркүнө көрк кошту.
Лео Рохас быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий элчиси болгон. Анын чыгармачылыгында этникалык үндөр, жаратылыш жана эркиндик темалары айкалышат.
Кырчын жайлоосунда оюндардын алкагында концерттер, улуттук оюндар, маданий көрсөтүүлөр жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү өтүүдө.
Лео Рохастын Кырчындагы таасирдүү аткаруусун видеодон көрүңүз.