"Эркин-Тоо"

Мүлктөрдү, интеллектуалдык байлыктарды баалоочулардын деңгээли жогорулайт

КР Экономика жана коммерция министрлигинде “Кыргызстанда баалоо кызматынын рыногунун түптөлүшүндөгү жаңы этап жана анын өнүгүшү үчүн зарыл шарттар” аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн себеби, “Баалоо ишмердиги жөнүндө” КР мыйзамы 2021-жылы кабыл алынган, ал 1-апрелден тарта иштей баштайт. Андыктан, баалоо кызматынын рыногунун мындан аркы өнүгүүсүн талкуулоо зарыл эле.

Буга чейин бул тармакта КР Өкмөтүнүн 2003-жылдагы “Баалоочулардын жана баалоочу уюмдардын ишмердигинин убактылуу жоболору” токтому жана башка бир катар токтомдору менен иштеп келишкен.

Аталган тегерек үстөлгө КР Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес чөйрө саясаты башкармалыгынын башчысы Улан Султанбаев, Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, “Кыргыз баалоочуларынын бирикмеси” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Советбек Закиров жана финансы-кредит мекемелеринин, консалтинг компанияларынын жана тиешелүү окуу жайдын жетекчиси катышты.

Улан Султанбаев: “Кыргыз Республикасында баалоо ишмердүүлүгү салыштырмалуу жаңы жана жаш, бирок экономиканын көп тармактары үчүн анын мааниси бир топ чоң. Баалоо ишмердүүлүгүнүн тутумуна баалоочулар менен баалоочу уюмдардын, баалоо кызматын керектөөчүлөрдүн (мамлекеттик башкаруу органдары, менчиктин бардык түрлөрүнүн, физикалык жана юридикалык жактардын) ортосундагы укуктук жана экономикалык карым-катнаш кирет.“Баалоо ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгына байланыштуу КР Экономика жана коммерция министрлиги жасай турган зарыл иштер:

-2025-жылдын 1-январына чейин Евразиялык экономикалык бирикменин алкагында Кыргызстанда мүлктөрдү баалоо боюнча кызматтардын бирдиктүү рыногунун иштөөсүн камсыздоо;

-мыйзамды ишке ашырууга багытталган укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгып кабыл алуу;

-эл аралык стандарттарды эске алуу менен баалоонун улуттук стандарттарын кайра карап чыгуу;

-баалоочулардын толук электрондук реестрин киргизүү.

Мындан ары дагы КР Экономика жана коммерция министрлиги баалоо ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу катары башка баалоочу уюмдар менен биргеликте алдыга коюлган максаттарды аткара берет”.

КР Маммүлк фондусунун төрагасы Мирлан Бакиров: “Рынок экономикасынын шартында баалоо ишмердиги коомдук мамилелердин маанилүү элементи болуп саналат. Азыркы шартта мүлктөр эркин, ошондуктан мүлктөрдү обьективдүү жана калыс баалоого муктаждык бар. Буга байланыштуу“Баалоо ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзам 2021-жылы кабыл алынгандыгы, Кыргызстандагы баалоо кызматынын рыногу үчүн жаңы этап болуп калды. Баалоонун рыноктук мамилелеринин катышуучулары катары мамлекет, физикалык жана юридикалык жактар чыгып жаткан учурда, бул мыйзам баалоо кызматынын эффективдүүлүгүн гана арттыра бермекчи. Баалоочулардын сертификациялоодон өтүшү, эл аралык стандарттарга жооп берген адис болушу да абдан маанилүү. Мисалы, “Альфа Телекомду” баалай турган болсо, анын алыскы аймактардагы антеннасы канча, баасы канча турарын алдыңкы технологиялар жаатында адистешкен баалоочу мыкты билиши зарыл. Жаңы кабыл алынган мыйзам иштей баштаса, бул тармактын иши да эффективдүү болуп, обьективдүү, калыс баалоочулардын ишине суроо-талап көбөйөт”.

Ал эми“Кыргыз баалоочуларынын бирикмеси” коомдук бирикмесинин төрагасы Советбек Закировдун докладынын урунттуу учурларынан келтире кетсек: “2019-жылдан тарта КР Экономика министрлиги менен бирдикте баалоочулардын жана баалоочу компаниялардын реестри түзүлдү. Бул Евразиялык экономикалык союздун рыногуна кирүү үчүн өз ара квалификацияларды таануу үчүн зарыл эле. Бир чети бул мезгилдин талабы болчу, антпесе баалоочулар “тыюу салынбаган бардык нерселерге уруксат” деген ыкма менен иштеп келишкен. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрү мындай профилдүү мыйзамдарды эчак кабыл алышкан.

Биздин максаттуу ишибиздин аркасы менен КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине баалоочулук кесипти киргизүү боюнча бир  топ иштер жасалып, “Жумуштардын жалпы республикалык классификаторуна” (ОКЗ 009-2019) киргизилип, “2414 Баалоочулар жана эксперттер” бөлүмүнүн аныкталышын тактоо сунуштары берилди. ОКЗ 009-2019 КР Улуттуук статистика комитетинин токтому менен ишке кирип, башка кесиптер менен бирге баалоочунун кесиби боюнча түшүнүктөр жана классификациялар кеңейтилди.

Мисалы, классификатордо “кыймылсыз мүлктү баалоочу”, “кыймылдуу мүлктү баалоочу”, “интеллектуалдык менчикти жана материалдык эмес укуктарды баалоочу-эксперт”, “табигый казылуучу байлыктарды баалоочу-эксперт” жумуштары кирди. Мындан тышкары коомдук, жеке менчик карым-катыштан келип чыккан бардык баалана турган түрдүү обьектилерди баалоонун өзгөчөлүктөрү аныкталды.

2018-жылдан тарта “Кыргыз баалоочуларынын бирикмеси” баалоочулук иш боюнча мыйзамды демилгелөө үчүн, адегенде парламент депутаттары тарабынан колдоо таап, андан ары Экономика министрлиги менен тыгыз иштештик. Ишкерлер менен бирдикте Бишкекте, Ошто мыйзам долбоорунун жоболорун талкуулоолорду уюштурдук. Бардык тараптардын натыйжалуу ишинин жемиши болуп, 2021-жылы кабыл алынган мыйзам болду. Эми бул тармактын ишинин деңгээли жогору болорунан үмүт чоң”.

Кыргызстанда баалоочулардын тармактык мыйзамы иштей баштаса, рынок шартындагы алардын иштери да майнаптуу болорунан шек жок.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!